
Милиция тарабынан берилген маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 30-сентябрында Военно-Антоновка айылындагы «РИОМ» авто базарынын жанында болгон. Белгисиз адам ишкерге Казакстандан «Ак-Жол» өткөрмө пункту аркылуу 65 атты өткөрүп берүү кызматын сунуштаган. Натыйжада ал 2 миллион сомду жана 7 миллион 20 миң сомдук малды уурдап, из жашырып кеткен.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын сүрөтү
Зардап чеккен адам 21-ноябрда милицияга кайрылган, жалпы зыян 7 миллион 330 миң 400 сомду түзгөн.
Шектүүгө Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алаяктык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдик иштердин натыйжасында укук коргоо органдары шектүүнүн жеке маалыматтарын аныктап, аны кармашкан. Азыркы учурда ал убактылуу кармоо жайында жатат.
Тергөө уланууда жана укук коргоо органдары иш боюнча кошумча фактыларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.