Нурсултан Кенешбеков Россияда жарышта жеңишке жетти

Владислав Вислоцкий Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кенешбеков Россияда өткөн эл аралык жеңил атлетика турнирунда жеңишке жетти.

7-январда Екатеринбургда «Рождественские старты. Мемориал Э.С.Яламова» аталышындагы Россия боюнча мелдештер өттү.

3000 метр аралыкта Кенешбеков 14 катышуучунун арасында биринчи болуп, мыкты натыйжа көрсөттү.

Ал жарышты 7 мүнөт 57,66 секундда аяктап, жакынкы атаандашынан 7 секундга алдыда келди.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: