
Шаардын түштүк бөлүгүндө, маанилүү аскер базасынан алыс эмес жерде, электр энергиясы өчүрүлгөн.
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлада жердеги операцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу бир нече жолу билдирген. Вашингтон учурдагы президент Николас Мадурого басым көрсөтүүгө аракет кылып, анын кызматтан кетишин талап кылууда. Бул үчүн ар кандай чаралар колдонулууда, анын ичинде санкцияларды кеңейтүү, АКШнын региондогу аскердик катышуусун көбөйтүү жана Тынч океан менен Кариб деңизинде наркотиктерди контрабанда кылуу менен алектенген кемелерге 20дан ашык сокку уруулар.