
Бул мезгилде 10 миң катафот да чыгарылган, ошондой эле 8 271 метр стойкалар даярдалып, полимердик порошок боёгу менен боёлгон.

Жол белгилери «Өндүрүш-новатордук борборунда» ачылган адистештирилген цехте даярдалат. Даяр продукция жол курулушу мекемелерине келишимдердин негизинде өткөрүлөт.
Жаңы белгилерди орнотуу жана эскилерин демонтаждоо жол эксплуатациялык кызматтар тарабынан жүргүзүлөт.
Катафот - бул жолдо көрүнүктүүлүктү жогорулаткан жарык чагылдыруучу элемент, ал начар көрүнүү шарттарында, мисалы, түнкү убакта же туруксуз аба ырайында пайдаланылат.