Кайтарылган продукциянын жалпы салмагы 562,5 тонна болду, анын ичинде 70 515 көчөт, 11 387 гүл продукциясы жана 136 кубометр жыгач материалдары бар. Бардык продукция жиберген тараптарга кайра жөнөтүлдү.
Бузуулар төмөнкү өлкөлөрдөн катталды:
- Казакстан — 15 учур, 271,88 тонна;
- Россия — 5 учур, 117 тонна жана 136 куб. м пиломатериал;
- Өзбекстан — 7 учур, 80,82 тонна жана 70 515 көчөт;
- Кытай — 4 учур, 51,28 тонна жана 8 050 гүл продукциясы;
- Тажикстан — 1 учур, 3,5 тонна;
- АКШ — 1 учур, 18 тонна;
- Монголия — 1 учур, 20 тонна;
- Нидерланд — 1 учур, 3 337 бирдик продукция.
Мындан тышкары, министрлик Кытай жана Нидерланд өлкөлөрүнө дипломатиялык каналдар аркылуу расмий ноталар жөнөтүлгөнүн маалымдады.