
2025-жыл ичинде Кыргызстандагы ветеринардык көзөмөл чек ара пункттарында импорттолгон айыл чарба товарларын текшерүү процессинде 112 мыйзам бузуу учурлары аныкталган. Бул маалымат Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилди.
Аныкталган мыйзам бузуу учурлары боюнча тиешелүү кайтаруу актылары түзүлгөн.
Аныкталган учурлар төмөнкү өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлгөн:
Казакстан – 48 кайтаруу акты
Өзбекстан – 51 кайтаруу акты
Россия – 8 кайтаруу акты
Пакистан – 1 кайтаруу акты
Кытай (КНР) – 3 кайтаруу акты
Түркия – 1 кайтаруу акты
Көпчүлүк мыйзам бузуу учурлары ветеринардык коштоочу документтердин белгиленген стандарттарга жооп бербегендигинен, ошондой эле жүктөрдүн коопсуздук нормалары жана ветеринардык-санитардык талаптардын бузулушунан улам пайда болгондугу белгиленет.