Бул көрсөткүч алсыз топтор үчүн зыяндуу деп бааланат.
Бишкектеги үч эң булганган жай:
1. Мадиев көчөсү - 362
2. Байтик айылы - 17
Бишкектеги атмосферанын негизги булгануучусу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси (AQI) | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты кабыл алынуучу, булгануу норманын ичинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезимтал адамдарга терс таасир этүүсү мүмкүн, бирок орто адамга байкалаарлык таасир этпейт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгы терс кесепеттерди сезиши мүмкүн; сезимтал топтор олуттуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн |
| 201—300 | өтө ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу, бардык калкка таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолук үчүн өтө коркунучтуу; бардык адамдар үчүн олуттуу кесепеттерди пайда кылышы мүмкүн |
PM2.5 – бул диаметри 2.5 микрондон кичине болгон катуу бөлүкчөлөр, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Алар абадагы чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын түзөт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү атмосферанын булганышына себеп болот.
Дүйнөлүк аба сапатынын рейтингинде 20-январда Бишкек 17-орунду ээлейт (11:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү минималдаштырууга аракет кылыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.