Эркек BMW X5тин айнегин сындырып, барсетканы уурдап, электробуска отурду да, кетип калды
Пресс-кызмат ГУВД Бишкектин бир нече унаадан уурдоого шектелген адамды кармаганы тууралуу маалымдады. Кирген маалыматка ылайык, 31-январда Первомай районунун УВДсына бир эркек киши уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Панфилов көчөсүндөгү автостоянкада токтоп турган BMW X5 унаасынан 8000 сомдук акча бар барсетка уурдалганын айтып берген.