Суралган каражаттар төмөнкү негизги багыттарга жумшалат:
- Шаардык коомдук транспорт үчүн субсидиялар — 1 миллиард 204 миллион сом;
- 401 кесилиште светофорлорду тейлөө — 69 миллион 430 миң сом;
- Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу — 4 миллиард 585 миллион сом;
- Кызматкерлердин эмгек акы фонду — 83 миллион 289 миң сом.
Бейшенбаев бул инвестициялар борбордун транспорттук системасынын функционалдуулугун сактоо, инфраструктураны модернизациялоо жана шаардык транспорттун эффективдүү иштешин камсыздоо үчүн зарыл экенин баса белгиледи.