



26-январда Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын медициналык жабдуулар тапшырылды. Иш-чара КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Good Neighbors International эл аралык уюмунун өкүлдөрү ортосундагы кызматташтык боюнча кол коюлган Меморандумдун алкагында өттү.
КР Соцтруд министрлиги билдиргендей, тапшырылган жабдууларга медициналык кушетка, 3 лампадан турган жылжымалуу нурландыруучу, эки дат баспас темирден жасалган полкалары бар инструменталдык стол, электр кресло-арба, дары-дармектерди жана керектүү материалдарды сактоочу шкаф, велотренажер, массаж креслосу, ДЦП менен жабыркаган балдар үчүн вертикализатор, стоматологиялык автоклав, ДЦПнын ар кандай формалары бар балдар үчүн ортопеддик стул жана ИМ-01 иглоотсекатель кирет.
Церемонияга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева жана Кыргызстандагы Good Neighbors International филиалынын директору Чо Сунхёнг катышты.
«Бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоосун, ден соолугун жана келечегин жакшыртууга чоң инвестиция. Тапшырылган жабдуулар адистер үчүн күчтүү инструмент болуп, реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртат, ошондой эле балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө чыныгы пайда алып келет», — деди Айнура Орозбаева.
Good Neighbors Internationalдын директору да бул колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоого, социалдык биримдикти бекемдөөгө жана инклюзивдүү коомду түзүүгө болгон аракетин көрсөтүп жатканын айтты.
Тапшырылган жабдуулар медициналык жана реабилитациялык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле алардын калыбына келтирүү жана социалдык адаптациялоо үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. ```