
Баку шаарындагы аскер соту Карабах армяндарынын бир нече лидерине өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул саясатчылар 2023-жылы Азербайжан талаштуу аймакты көзөмөлгө алган аскердик операциядан кийин кармалган, деп билдирет РБК.
Соттолгондордун арасында 2020-жылдан 2023-жылдын августуна чейин бул кызматты аркалаган Нагорный Карабах Республикасынын (НКР) экс-президенти Араик Арутюнян да бар.
Ага каршы коюлган айыптардын арасында агрессивдүү согуш, геноцид, терроризм жана бийликти күч менен басып алуу сыяктуу аскердик кылмыштар бар.
Сот ошондой эле бул иштин башка катышуучуларына, анын ичинде мурдагы коргоо министри Левон Мнацаканянга, экс-спикер Давид Ишханянга, НКР күчтөрүнүн мурдагы орун басары Давид Манукянга жана экс-чет өлкөлөр министри Давид Бабаянга да ушундай эле жаза берди.
Бардык соттолгондор 2023-жылдын аягында кармалган, ал эми НКРдин мурдагы мамлекеттик министри Рубен Варданянга да өмүр бою эркинен ажыратуу коркунучу бар. Соттолгондордун эч бири өз күнөөсүн мойнуна алган жок.