11 жаштагы Нагима Жусупбекова мектептен чыгып, автобуска отуруп, дайынсыз жоголду
Бишкектин Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы Нагима Иличбековна Жусубекованын 2014-жылы төрөлгөнү тууралуу маалымат берди. 29-январда милицияга кыздын энеси кайрылып, Нагиманын Дордой конушунда жайгашкан №94 мектептен күндүзкү саат 1дер чамасында чыгып, автобуска отурганын билдирген. Андан кийин анын кайда экени белгисиз болуп калды.