
ДУМКнын адистери этчілерге жаныбарларга гумандык мамиле кылуунун негизги принциптерин кеңири түшүндүрүштү. Алар жаныбарларды курч бычак менен бир кыймылда союунун маанисине, ошондой эле канды толук агызуу үчүн трахеяны, азык түтүгүн жана жон терини кесүүнүн зарылдыгына көңүл бурушту. Ар бир жаныбар Аллахтын атын айтып союлушу керек.
ДУМКнын сүрөтү
Санитардык нормаларды сактоого, анын ичинде жайлардын тазалыгына, колдонулган аспаптардын стерилдүүлүгүнө жана этти туура сактоого өзгөчө көңүл бөлүндү.
Жарандык ишмер Дуйшон Абдылдаев жаныбарларга карата катаал мамиле үчүн катуу жоопкерчилик чаралары каралганын белгиледи.
Жаңы базардын жетекчилиги ошондой эле союу шарттары жана санитардык стандарттардын жакшыртылып жатканын маалымдады. Этчілерге маалыматтык буклеттер таратылды, ал эми базар аймагында шариат боюнча союу эрежелери жазылган баннер орнотулду.