Депутат "Эл акыны" наамын сактоо сунуштады
13-январда Жогорку Кенештин конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдар системасын реформалоо боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу суроолорду көтөрдү. Анын суроолоруна юстиция министринин орун басары Кубан Казаков жооп берди.