ГУОБДДнын жетекчиси КР ИИМде кытайлык жүк ташуучулар менен жолугушту
«Торугарт» өткөрмө пунктунда КР ИИМдин ГУОБДДсынын жетекчиси Азенбек Козукеевдин Кытайдан келген жүк ташуучу айдоочулар менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет. Сүйлөшүү учурунда Козукеев кытайлык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоого чакырды.