Интернет-алаяктар 6,5 миллион сомго. Бишкекте шектүү кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери интернет-мошенничиликке шектелген адамды кармашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал ири суммадагы мошенничиликке катышы бар. Бул окуя тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Первомай райондук ички иштер бөлүмүнө мошенничиликке кабылган аял кайрылган. Ал, кылмышкерлердин бир мобилдик компаниянын кызматкери катары өзүн көрсөтүп, 6 миллион 500 миң сомдук акчасын алдап алып кеткенин айтып берди.