2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 миллиард сом бөлүнөт
Республикалык жыйындын жүрүшүндө, 27-февралда «Ынтымак Ордо» жайгашкан жерде, Министрлер Кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов 2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 миллиард сом бөлүнөрүн жарыялады. Анын маалыматына ылайык, бул сумма 2021-жылы бөлүнгөн 40,7 миллиард сомдон 85% жогору.