ЖК депутаты Эльдар Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев болду
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында жаңы парламент депутатына мандат тапшырылды. Бул убакытка чейин Эльдар Сулайманов мандатынан ажырап, анын ордун Араван районунун көпмандаттуу шайлоо округу № 5ти өкүлдөгөн Азизбек Абдуллаев ээлеп алды.