



Аламудун райондук мамлекеттик администрациясында коллегиянын жыйыны өтүп жатат, анда Чүй облусунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга пландар талкууланууда.
Региондогу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмоновдун маалыматы боюнча, жыйындын жүрүшүндө аткарылган иштердин жыйынтыктары бааланат, облустун жетишкендиктери талданат жана жакынкы мезгилге негизги милдеттер иштелип чыгат.
Күн тартибинде үч негизги маселе турат: 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, жазгы талаа жана ирригациялык иштерге даярдык, ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттерин аткаруусунун анализи.
Жыйындын катышуучуларынын арасында өкмөт башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, ошондой эле райондордун жетекчилери жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү бар.