Анын айтымында, региондор боюнча статистика төмөнкүдөй:
- Ош шаары — 8 учур;
- Талас облусу — 3 учур;
- Чүй жана Баткен облустары — 2 учурдан;
- Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустары — 1 учурдан.
«Бул адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылды», - деп кошумчалады Урмамбетов.
Министрдин орун басары мугалимдер тарабынан жасалган кылмыштын түрлөрү жөнүндө да айтып өттү:
- өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү — 1 учур;
- ден соолукка зыян келтирүү — 2 учур;
- кызматтык милдеттерди аткарбоо же туура эмес аткаруу — 1 учур;
- кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 3 учур;
- кызматтык жасалма документ — 10 учур;
- башкача мамиле — 1 учур.