Turmush агенттигинин кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө конокторго имарат боюнча экскурсия уюштурулду. Келгендерге окуу класстары жана кошумча активдүүлүк үчүн мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучулары мектеп окуучуларынын чыгармаларын, анын ичинде:
- «Манас» эпосунан үзүндү;
- комузда ойноп берүү;
- Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан Толгонайдын монологу.
Мындан тышкары, ар кандай мектептик кружоктор жана спорт секциялары көрсөтүлдү, мисалы:
- башка бий топтору;
- робототехника;
- шахмат;
- тогуз коргоол оюну;
- волейбол;
- футбол;
- каратэ-до;
- настольный теннис.
Окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа майрамдык атмосфераны жаратып, конокторго унутулгус эмоциялар жана оң таасирлерди тартуулады.