
Ал мурда мандатты тапшыруу боюнча арыз берген
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Куванычбек Конгантиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын эрте токтотуу чечими кабыл алынды. Бул маалыматты БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Чечим анын мандатты өз каалоосу менен тапшыруу боюнча берген арызына негизделген.
Натыйжада, Куванычбек Конгантиевдин депутаттык күбөлүгү күчүн жоготту.