
Ведомствонун маалыматына ылайык, куткаруу операциялары 30-декабрдан баштап Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругу менен жүргүзүлгөн.
Биринчи табылган эркек киши 30-декабрда чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Куткаруучулар 31-декабрь күнү таңкы саат 9:50 чамасында экинчи каза болгон адамды тапкан. Бүгүн МЧСнин сууда сүзүүчүлөрү каналдан үчүнчү кызматкердин денесин чыгарышты.
МЧСнин сүрөтү
Издөө иштерине болжол менен 150 адам катышты, анын ичинде куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана мэриянын өкүлдөрү.
Шаардык бийлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, трагедиялык окуя 30-декабрда «Аламедин-1» микрорайонунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, «Тазалык» кызматкерлеринин бири тайгаланып, каналга кулап кеткен, аны куткарууга аракет кылган эки кесиптеши да сууга түшүп, күчтүү агым аларды алып кеткен.