Жоголгон күнү, саат 14:00 чамасында, ал батирден чыгып, кайра кайтып келген эмес.
Жоголгон учурда ал кара желетке, кара джинсы жана кара туфли кийип жүргөн, ошондой эле кара көз айнек тагынган. Колунда кара сумкасы болгон, анда убактылуу айдоочулук күбөлүгү, колледжди аяктагандыгы тууралуу диплом жана паспорт бар эле.

Асанкадыр уулу Алтынбек жоголду.
"Алтынбек Жети-Өгүз районунан, жоголгон учурда Бишкек шаарында, Кок-Жар районунда жашаган", - деп такташты анын жакындары.
Жоголгондон кийин туугандары милицияга кайрылышты.
Бирок, алардын айтымында, укук коргоо органдары жүргүзгөн издөөлөр эч кандай жыйынтык берген жок.