Бул электр тармактарын модернизациялоо 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жүргүзүлүп, этап-этабы менен ишке ашырылат.
«Мамлекетте ишке киргизилген тарифтик саясат энергетика секторунун туруктуулугун бекемдөөгө жана бар инфраструктураны жаңылоого багытталган. Ал энергетикалык системадагы жоготууларды азайтууга, жаңы гидроэлектр станцияларын курууга жана эски жабдууларды алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бишкектеги электр тармактарынын ишканасы шаардык электр тармактарын модернизациялоо боюнча активдүү иш алып барууда. 2026-жылы 40 миң 700 километрден ашык сип-кабель тартуу жана реконструкциялоо иштерин аяктоо пландалууда. Долбоор мартта башталып, ноябрда аяктайт, борбордун электр тармактарынын негизги бөлүктөрүн камтыйт», — деп айтылат маалыматта.
Бул демилгени ишке ашыруу алкагында төмөнкү иш-чаралар пландалууда:
- эски электр өткөрүү линиясын алмаштыруу;
- проводдорду заманбап изоляцияланган сипке модернизациялоо;
- жаңы опораларды орнотуу жана бар конструкцияларды бекемдөө;
- жаңы керектөөчүлөрдү туташтыруу жана турак жай аймактарында тармак инфраструктурасын өнүктүрүү;
- иштеп жаткан линиядагы жүктү азайтуу;
- электр энергиясынын технологиялык жоготууларын азайтуу.
Кыш мезгилинде электр тармактарынын туруктуулугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Сип-кабельди колдонуу:
- кардын жабышуусун жана муздун пайда болушун алдын алууга;
- кыска туташуу мүмкүнчүлүгүн азайтууга;
- кыйын аба ырайы шарттарында да электр энергиясын туруктуу берүүдө кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.
Бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- электр энергиясын камсыздоонун сапаты жана туруктуулугун жакшыртууга;
- тармактардагы авариялык кырдаалдардын санын кыйла азайтууга;
- электр энергиясын өткөрүүдө жоготууларды азайтууга;
- кыш мезгилинде энергетикалык системанын ишенимдүү иштешин камсыздоого;
- жаңы колдонуучуларды туташтыруу үчүн шарттарды түзүүгө.
Ишке ашырылуучу иш-чаралар электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат, авариялык деңгээлди жана электр энергиясынын жоготууларын азайтат, күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөм учурунда керектөөчүлөргө ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясын камсыз кылат.
Бул иштердин каржыланышы «НЭСК» акционердик коомунун өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.