
Бул турнирдa 23 жашка чейинки жаштар командалары катышат
Кыргызстандын U-23 командасы 2026-жылдагы U-23 Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуу үчүн Саудия Аравиясынын Джидда шаарына келди.
Бул континенттик турнир 6-январда башталып, Азиянын 16 мыкты командасын кабыл алат. Өзүнүн тарыхында биринчи жолу, машыктыруучу Эдмар Ласерддин жардамы менен Кыргызстандын U-23 командасы 2025-жылдын сентябрында ушул жаш категориясында Азия Кубогуна квалификациядан өттү.
Кыргызстандын командасы «А» тобуна кирди, анда Вьетнам, Иордания жана турнири өткөрүүчү өлкө — Саудия Аравиясы менен ойноп чыгат.
2026-жылдагы U-23 Азия Кубугунун «А» тобунун матчтарынын расписаниеси Бишкек убактысы боюнча:
1-тур — 2026-жылдын 6-январы
22:00 — Саудия Аравиясы – Кыргыз Республикасы
(принц Абдулла Аль-Фейсал атындагы стадион, Джидда)
2-тур — 2026-жылдын 9-январы
20:00 — Кыргыз Республикасы – Вьетнам
(«King Abdullah Sports City» стадиону, Джидда)
3-тур — 2026-жылдын 12-январы
22:30 — Иордания – Кыргыз Республикасы
(«King Abdullah Sports City» стадиону, Джидда)
2026-жылдагы U-23 Азия Кубугунун ачылыш матчында Кыргызстандын командасы жана турнири өткөрүүчү өлкө — Саудия Аравиясынын командасы беттешет.
Матчтардын түз трансляциялары УТРК Спорт телеканалы аркылуу жеткиликтүү болот.
Сүрөт www