Синоптиктердин болжолдоосуна ылайык, кийинки эки күндүн ичинде өлкөнүн бардык аймактарында кар жаашы күтүлүүдө, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Мындан тышкары, шамал күчөйт, анын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Аба температурасы ар кандай аймактарда кескин төмөндөйт:
- Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн температура −9…−14 градуска чейин төмөндөп, күндүз −1…−6 градус арасында болот;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары — түнкүсүн −2 ден −7 градуска чейин, күндүз −2 ден +3 градуска чейин;
- Ысык-Көл облусу — түнкүсүн −7…−12 градуска чейин, күндүз −4…+1 градуска чейин;
- Нарын облусу — түнкүсүн −23 тен −28 градуска чейин, күндүз −9 дан −14 градуска чейин күтүлүүдө;
- Тоолуу аймактарда температура түнкүсүн −26…−31 градуска чейин жана күндүз −9…−14 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Жолдордо кар катмары жана муз тоңуу күтүлүүдө, тоолордо кар көчкү болушу мүмкүн. Жүргүнчүлөр жана аталган аймактардын тургундары сак болушу керек жана жагымсыз аба ырайын эске алышы керек.