
Кыргызстандагы авто мектептер үчүн бардык окуу планнары бекитилди, деп билдирди президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев. Анын маалыматы боюнча, жарандардан арыздарды кабыл алуу процесси «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кийинки жумада башталат.
«Былтыртан баштап бардык авто мектептер мамлекеттин контролуна өтөт. Окуу пландары жана билим берүү стандарттары Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилди. Айдоочулук күбөлүк алууга каалоочулар «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз беришет, жана жакын арада алар авто мектепте окуу башталуучу күн тууралуу билдирүү алышат. Эми экзамен тапшыруудан мурун окуу милдеттүү», — деди ал.

«Экзаменде берилген суроолордун саны 750дөн дээрлик 2000ге чейин көбөйдү. Бул жарандарга окуудан өткөндөн кийин тапшырмаларды жеңил аткарууга мүмкүнчүлүк берет», — деп кошумчалады ал.