
Бишкекте учурда 35-40 жедел жардам унаасы гана иштеп жатат.
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Жаныбек Абиров жаңы Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу жасады.
Ал административдик-территориялык реформадан кийин Бишкектин аянты кыйла кеңейгенин, калкы 1,3 миллионго жеткенин белгиледи. Ошол эле учурда учурда шаарда болгону 35-40 жедел жардам унаасы иштеп жатат.
«Жедел жардамды чакыргандан кийин күтүү убактысы болжол менен эки саатты түзөт. Уюмда мага процесс цифрлаштырылып бүттү, адистер жетиштүү, бирок унаалар жетишпейт», — деди Абиров.
Депутат Саламаттык сактоо министрлигин борбор үчүн кошумча жедел жардам унааларын сатып алууну карап чыгууга чакырды.
Сүрөт www