



Балыкчыда Иссык-Куль облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 10 бирдик жаңы атайын техниканы өткөрүп берүү иш-чарасы өттү. Фонддун маалыматына ылайык, бул техниканын жалпы баасы 60 миллион сомду түздү. Жергиликтүү муниципалдык ишканаларга автогрейдер, эки чоң экскаватор, мини-экскаватор, бетон аралаштыргыч, манипулятор, автокран, эки жүктөгүч жана седельный тягач (трал) сыяктуу машиналар келди.
Бул техниканы сатып алуунун максаты муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат. Жаңы техника курулуш жана коммуналдык иштерде активдүү пайдаланылат деп күтүлүүдө, бул болсо Балыкчы шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошот.