2015-жылы кредиттик уюм Бишкек мэриясына материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бульдозерлер, жүктөгүчтөр жана таштанды жыйноочу машиналарды сатып алуу, ошондой эле таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу максатында 22 миллион евро бөлгөн. Бул каражаттар "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканаларына арналган.
Аудит маалыматтарына ылайык, кредиттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча бюджетке алдын ала келтирилген зыян 182 миллион сомдун тегерегинде.




Быйылкы жылдын 12-январында коррупция боюнча тергөө иштеринин алкагында Бишкектин мурдагы вице-мэри С. Р. А., "Бишкек санитардык полигону" МПнын мурдагы директору А. А. Ж., ошондой эле подряддык уюмдардын жетекчилери И. В. Р. жана А. Н. Б. кармалды. Алардын бардыгы ГКНБнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишке тиешеси бар бардык чиновниктерди аныктоо жана келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо боюнча иштерин улантууда.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.