«Хулигандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, интернетте белгисиз эркектин бир нече адамга физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу пайда болгон.
Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча хулигандыкка байланыштуу кылмыш иши козголду.

Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн жеке башын аныкташкан, ал 1993-жылы төрөлгөн Ф.В. болуп чыккан.
Эркек Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Маалымат кызматынын сүрөтү
