
Бишкекте 18-январда 20 жашка чейинки (U20) жаштар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын расмий ачылышы болду.
Ачылыш аземинде концерттик номерлер жана турнирдеги катышуучулардын парады болду. Бул иш-чарада өлкөнүн жогорку кызмат адамдары, спорттук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык коноктор, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Куттуктоо сөздөрүн сүйлөгөндөрдүн арасында КР Министрлер Кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов, Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КР НОКтун төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, Эл аралык хоккей федерациясынын Кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл жана КР Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов болду.
Чемпионаттын биринчи күнүндө турнирдеги хозяиндердин катышуусунда матч өттү. Кыргызстан командасы Гонконг (Кытай) командасын 4:1 эсебинде жеңди.
U20 хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат жана Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) командаларын камтыйт.