
Кыргызстандын жаштар хоккей командасы (U-20) Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү дивизиондун дүйнө чемпионатында (B тобу) күйөрмандарын кубандырып жатат.
21-январда өткөн үчүнчү туурда кыргызстандык команда Иран командасын 15:1 эсебинде жеңип, биринчи периоддо 8:0 менен олуттуу артыкчылык түздү. Бул оюнда төрт гол киргизген Алихан Али-Аскаров жана үч гол кошкон Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко өзгөчөлөнүштү.
Ошентип, үч оюндан кийин команда 9 упай топтоп, турнирдик таблицада лидерлик орунду бекем кармап турат.
Кийинки оюнду кыргызстандыктар 22-январда саат 20:00дө Люксембург командасына каршы өткөрүшөт.
Оюндун акыркы эсеби: Кыргызстан - Иран 15:1 (8:0, 3:0, 4:1).