
Эдиль Байсаловдун айтымында, тоо лыжасы боюнча мектептерди түзүү келечектеги спортчуларды даярдоонун негизин гана эмес, өлкө боюнча жаңы курорттордо иштей ала турган квалификациялуу инструкторлорду даярдоонун да негизин түзүшү керек. "Бул биздин балдарыбыздын келечегине, жумуш менен камсыз болушуна жана региондун өнүгүшүнө инвестиция", - деп кошумчалады ал.
Иш-чаранын алкагында спорт мектептеринин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана башка адистер менен жолугушуу болуп, материалдык-техникалык базанын учурдагы абалы, кадр маселелери жана жаштарды спорт менен алектенүүгө тартуу жолдору талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, инфраструктураны модернизациялоо, машыктыруучуларды колдоо жана ар кайсы региондордо балдар спорт мектептеринин тармагын өнүктүрүү сыяктуу негизги багыттар белгиленди.
Мындан тышкары, Эдиль Байсалов өзүнүн жумушчу сапарынын алкагында К. Досманбетова атындагы музыкалык мектепти, китепкананы жана маданият үйүн, ошондой эле башка бир нече объекттерди зыярат кылууга үлгүрдү.