
Бүгүн, 20-январда, Бишкекте, Балбан-Таймаш районунда, техникалык тейлөө станциясында олуттуу өрт чыкты.
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт 09:17ге карата толугу менен өчүрүлдү.
От менен күрөшүүгө алты өрт өчүрүүчү унаа, ошондой эле оперативдик топ жана кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун штабы тартылган. Шаардык ӨКМдин кезметтеги кызматкеринин маалыматы боюнча, өрт чыккан аянт 250 чарчы метрден ашык. Бактыга жараша, курмандыктар жана жабыркагандар катталган жок.