Сокулукте энесин кыйнаган эркек кармалды
22-январда Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы зомбулукта айыпталган эркектин кармалышы тууралуу билдирди. 67 жаштагы аял 3-январда Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнө уулунун дайыма зомбулук көрсөтүп жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, уулу алкогольдин таасиринде болуп, ага психикалык жана физикалык зомбулук көрсөтүп келген.