Текшерүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык белгиленген пайыздык ставкаларды ашыкча жогорулатууга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды. Күнөөлүүлөргө административдик айыппулдар салынды. Жалпысы 30дан ашык ломбарддын иши токтотулуп, алар кошумча текшерүүдөн өтөт, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилет.





