
2025-жылы Кыргызстанда ломбарддык мекемелерге 1,5 миллион сомго жакын айыппул салынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги уюштурган «Элден Собол» берүүсүндө финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын болжолдоо, көзөмөл жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Суйоркул Ашимжан уулу билдирди.
Ал 2024-жылдын 23-майында кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн натыйжасында ломбарддарга кардарлардын кредиттик тарыхы тууралуу маалыматты үчүнчү жактарга берүү тыюу салынганын белгиледи. Бул карыз алгандардын ар кандай себептерден улам кечиктирүүлөр пайда болгондо да тиешелүү, мындай маалыматтар конфиденциалдуу болушу керек. Атап айтканда, кредиттик тарыхка маалымат берүү тыюу салынган.

Ошондой эле Ашимжан уулу 2025-жылы болжол менен 35 ломбарддын лицензиясы жокко чыгарылганын жана алардын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Жүргүзүлгөн текшерүүлөр 30-40 ломбардды камтып, натыйжасында айыппулдар салынган жана көрсөтмөлөр берилген.
«Ломбарддар 30 күндүн ичинде расмий жоопторун беришти. Бардык аныкталган бузуулардын мыйзамга ылайык жоюлду. Максималдуу айыппулдун өлчөмү 310 миң сомго жетти, ал эми 2025-жылга карата жалпы айыппулдардын суммасы 1,5 миллион сомго жакын болду», - деп жыйынтыктады ал.