
2027-жылга чейин ломбарддардын минималдуу уставдык капиталы 20 миллион сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын болжолдоо, көзөмөлдөө жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Суйоркул Ашимжан уулу «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» программасынын түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, капиталды жогорулатуу этап-этабы менен жүргүзүлөт. 2022-жылы аяктаган акыркы этапта уставдык капитал 1 миллион сомду түзгөн. 2025-жылдын 1-январынан тартып ал 3 миллион сомго чейин жогорулашы керек.
«Кийинки этапта, 2026-жылдын 1-июлунан тартып минималдуу уставдык капитал 7 миллион сомдон кем болбойт деп күтүлүүдө. Андан кийин ал 14 миллион сомго чейин жогорулатылат, жана, акыры, 2027-жылы 20 миллион сомго жетет. Учурда биз тиешелүү долбоорду иштеп жатабыз», - деп кошумчалады ал.
Ашимжан уулу ошондой эле ломбарддар жарандардан гана кыймылдуу мүлк кабыл алууга укуктуу экенин белгиледи. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, батирлер же жер тилкелери сыяктуу кыймылсыз мүлктү кепилдикке алуу тыюу салынган.
«Ломбарддар кыймылдуу мүлк менен гана иштей алат, анын ичинде унаалар, мобилдик телефондор жана алтындан жасалган буюмдар, кыска мөөнөттүү насыяларды берип», - деп баса белгиледи ал.