Түркиядан келген инвестициялардын өсүшү анын Кыргызстандагы эң ири инвесторлордун тизмесинде үчүнчү орунду ээлөөсүнө мүмкүнчүлүк берди, ал Кытай жана Россиядан кийин турат.
Өткөн жылдын биринчи тогуз айынын ичинде Кыргыз Республикасына келген жалпы түз чет элдик инвестициялардын көлөмү $885 млн. түздү.
- Бул көлөмдүн ичинен Түркиядан келген түз инвестициялардын агымы $139 млн 593,3 миңди түздү.
- Россия экинчи орунду ээлеп, инвестициялардын көлөмү $183 млн 41,2 миңди түздү.
- Биринчи орунду Кытай ээлеп, ал жактан 9 ай ичинде $282 млн 331,6 миң келип түштү.