
Жаран Б.А. өзүнүн барсеткасынын ичинен акча, «iPhone» маркасындагы мобилдик телефон жана башка жеке буюмдары уурдалганын билдирген, андан кийин кылмышкер качып кеткен.
Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери А.С.ны кармашты, ал мурда ушундай эле кылмыштар үчүн соттолгон. Ал 2008-жылы туулган жана алдын ала маалыматтар боюнча мечиттерден уурдоо иштерин жүргүзгөн.
Сурак учурунда шектүү уурдалган телефонду «Ош базарында» 3 000 сомго сатканын жана алынган акчаны өз муктаждыктарына жумшаганын мойнуна алды.
Тергөө уланууда, анын Бишкектеги башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар же анын тууралуу маалыматка ээ болгон адамдар төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болот: 0999 15-07-36 же 102.