
Буйрукка ылайык, Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат:
1) «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы сыйлык;
2) II даражадагы «Манас» ордени;
3) «Данакер» ордени;
4) «Данк» медалы.
Мындан тышкары, буйрук менен төмөнкү документтер жокко чыгарылат:
1) 1999-жылдын 22-апрелиндеги № 106 Атамбаев А.Ш. «Данк» медалы менен сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу;
2) 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 518 Атамбаев А.Ш. «Данакер» ордени менен сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу;
3) 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун үчүнчү абзацы;
4) 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1 А.Ш. Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы сыйлыгын ыйгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы сот аткаруучулар кызматы аталган сыйлыктарды жана биринчи пунктта көрсөтүлгөн документтерди мамлекеттик сыйлыктар фондусуна өткөрүү максатында алып коюу үчүн белгиленген тартипте чараларды көрүүгө милдеттүү.
Буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.