
2025-жылдын 50-аптасына (8–14-декабрь) ылайык, ОРВИ жана грипп боюнча жалпы учурлар 37 629 түздү, бул 49-аптадагы 42 561 учурдан 11,7% га аз. 14 жашка чейинки балдар ооругандардын 72,2% ын түзөт.
Мындан тышкары, 403 бала бакча убактылуу жабылды.
Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери ОРВИ жана грипп менен оорулуулук боюнча абалды үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү улантууда.