Мындай аба сапаты уязвимый топтор үчүн зыяндуу.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Нагорье - 155
2. Мадиев көчөсү - 154
3. Байтик айылы - 91
Шаардагы негизги аба булгандыруучу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба таза деп эсептелет, булгануу норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир заттар сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн зыяндуу | Жогорку сезимталдыкка ээ адамдарга терс таасир этет, бирок баарына эмес |
| 151—200 | зыяндуу | Бардык адамдардын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдарга |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка кооптуу, бардык калкка терс таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолук үчүн критикалык кооптуу, бардык адамдар үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынан 30 эсе кичине. Алар чаң, күл, кара түтүн, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттарды камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү булганууга алып келет.
Эл аралык аба сапатынын шкаласы боюнча Бишкек 2-февралда (11:00) 22-орунду ээлейт.
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- терезелерди жабыңыз, булганган абанын киришине жол бербеңиз;
- коргоочу беткаптарды кийиңиз;
- көчөдө физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.