Бул көрсөткүч саламаттыкка зыяндуу аба сапатын билдирет.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Мадиев көчөсү - 268
2. Байтик айылы - 22
Бишкектеги абанын негизги булгануучусу PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу деңгээли аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, кээ бир булгануучулар атайын топтогу адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн саламаттыкка зыяндуу | Жогорку сезгичтиги бар адамдарга таасир этет, бирок калган адамдар үчүн аз байкалат |
| 151—200 | саламаттыкка зыяндуу | Бардык калк топтору терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, айрыкча сезгич адамдарда |
| 201—300 | абдан саламаттыкка зыяндуу | Саламаттыкка коркунуч туудурат, таасир бардык калкка сезилет |
| 300+ | кооптуу | Саламаттыкка олуттуу коркунуч туудурат. Бардык тургундар олуттуу көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине өлчөмдөгү майда катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, булар адам чачынан 30 эсе кичине. Алар абадагы чаң, күл, күйүү, ошондой эле сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын камтыйт. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү туманга себеп болот.
Рейтинг боюнча, 21-январда Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт (17:00).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- беткаптарды колдонуңуз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычты орнотуңуз.