Мындай булгануу деңгээли алсыз топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган райондор:
1. Мадиев көчөсү - 163
2. Нагорье - 90
3. Байтик айылы - 17
Башкы аба булгандыруучу зат PM2.5. болуп саналат.
| Абанын сапат индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты кабыл алынуучу, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгандыруучулар адамдардын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн, булганууга сезимтал адамдар үчүн |
| 101—150 | алсыз топтор үчүн зыяндуу | Жогорку сезимталдыгы бар адамдарга терс таасир этүүсү мүмкүн. Көпчүлүк үчүн ден соолукка байкалаарлык таасир этпейт |
| 151—200 | зыяндуу | Ар бир адам ден соолукка терс кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн, айрыкча алсыз топтор |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу. Бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунучтуу. Ар бир адам оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Аларга чаң, күкүрт, кара түтүн, ошондой эле абада асма абалдагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү абанын сапатын начарлатат.
30-январга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде 17-орунду ээлеп турат (саат 11:00 боюнча маалымат).
• Булгануудан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийип жүрүңүз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.