Бул индекс алсыз топторго терс таасир этерин көрсөтөт.
Бишкектеги эң булганган үч район:
1. Мадиев көчөсү - 170
2. Байтик айылы - 44
Бишкектеги абанын булгануусунун негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты кабыл алынуучу деңгээлде, булгануу аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты канааттандырарлык, бирок кээ бир адамдар үчүн тобокелдик болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Сезгич адамдардын ден-соолугуна терс таасир этет, бирок башка адамдарга көрүнүктүү таасир этпейт |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Ар бир адам ден-соолук проблемаларына туш болушу мүмкүн, айрыкча сезгич топтор |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Ден-соолукка олуттуу коркунуч, бардык тургундарга таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден-соолукка олуттуу коркунучтар, оор кесепеттер болушу мүмкүн |
PM2.5 диаметри 2,5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөр абадагы чаң, күл, саж, ошондой эле сульфаттар жана нитраттарды камтыйт. Алар ири шаарларга мүнөздүү абанын сапатынын начарлашына алып келет.
25-январга карата Бишкек дүйнөлүк абанын сапаты жана булгануу рейтингинде 23-орунду ээлейт.
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- коргоочу бет каптарды кийиңиз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.