Ош шаарында мурдагы вице-мэрдин мыйзамсыз 4 кабаттуу имаратын бузуу тапшырылды
Ош шаарынын мэри, Женишбек Токторбаев, мурдагы вице-мэр жана азыркы Счеттук палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковго таандык төрт кабаттуу имаратты бузуу боюнча буйрук берди. Бул тууралуу мэриядан маалым болду. Бүгүн таңкы рейд учурунда, мэр профилдик кызматтардын өкүлдөрү менен бирге Тилек Баатыра көчөсүндө, эски автобекеттин жанында жайгашкан имаратты текшерди.