
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн кайра иштетүүчүлөргө сатып алынган сүттүн баасында ар түрдүүлүк байкалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, 3,4% базалык майлуулуктагы бир литр сүттүн баасы регионго жараша 32 ден 48 сомго чейин өзгөрүп турат.
Министрликтин расмий мониторинги региондор боюнча төмөнкү көрүнүштү көрсөтүүдө:
Ысык-Көл облусу: баалар диапазону 34төн 48 сомго чейин;Чүй облусу: сатып алуу баасы 35тен 47 сомго чейин;Талас облусу: фермерлер литр сүт үчүн 32 ден 41 сомго чейин алышат.
Министрлик ошондой эле продукциянын баалары белгиленген мыйзамдык нормаларга ылайык түзүлөрүн баса белгилейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 724 токтомуна ылайык, бааларды аныктоо үчүн атайын тартип кабыл алынган. Базалык бааны эсептөө үчүн негизги ориентир 3,4% майлуулуктагы сүт болуп саналат.
Баалардын туруктуу мониторинги министрликке фермердик чарбалар менен ири кайра иштетүү заводдорунун ортосунда кызыкчылыктарды тең салмактоо мүмкүнчүлүгүн берет, бул Кыргызстандагы ички рынокко сүт продукциясынын туруктуу жеткирүүсүнө жардам берет.